«Замандаш» Ассоциациясы Тюмень облусунда жайгашкан кыргыз диаспорасынын 10-жылдыгына катышты

Опубликовано: 2020-01-01 03:00:30



«Замандаш» Ассоциациясы Тюмень облусунда жайгашкан кыргыз диаспорасынын 10-жылдыгына катышты

«Замандаш» Ассоциациясы Тюмень облусунда жайгашкан кыргыз диаспорасынын 10-жылдыгына катышты от Админ , 17.10.2019

«Замандаш» Ассоцияциясынын негиздөөчүсү Бусурманкулов Кадырбек Окумбекович жана төрагасы Айдаров Абдирасул Россия Федерациясынын Тюмень облусуна жана Екатеринбург шаарына болгон иш сапарынын алкагында бир катар иш чараларга катышышты.

Маселен, Тюмень облустагы «Биримдик» кыргыз диаспорасынын 10- жылдык мааракелик иш чарасына катышты. Аны менен бирге Екатеринбург шаарында окуп, иштеп, жашап жүргөн мекендештер менен жолугушуп, алардын жашоо-турмушунан кабар алып, жакында эле дайындалган Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы консулу Руслан Бийбосунов менен жакындан таанышып. Консул мырзанын жаңы ишине ийгиликтерди каалады. Андан сырткары көп жылдан бери чет жерде үзүрлүү эмгектенип, ынтымакта, биримдикте башка диаспораларга үлгү болуп иштеп келе жаткан Кыргызстан-Урал диаспорасынын мүчөлөрү менен жолугушту. Аталган уюмдун жаңы шайланган жетекчиси Гүлшан Долонбаеванын иштерине ийгилик каалап, мекендештердин башын бириктирген, ынтымактын ордосу болгон бирикме болушуна тилектештигин билдирди.


«Замандаш Ассоцияциясынын» төрагасы: «Аталаган коомдук уюмда келечек ээси болгон жаштарга өзгөчө көңүл бурулуп, уюмдун жаңы структура, стратегия жана программасы кайрадан иштелип жатыптыр. Жаштардын мындай ишке аралашып, чет жерде да мекен үчүн, мекендештер үчүн жан үрөп кызмат кылып жаткандыгы сүйүндүрөт. «Замандаш Ассоцияциясы» уюм менен тыгыз кызматташууга ар дайым кызыкдар»,-деди Абдирасул Айдаров.


Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында Ассоциация төрагасы жана Кыргызстандан барган атайын делегация «Кыргызстан менен Тюмень облусунун ортосундагы кызматташтыктын перспективалары» аттуу отурумга катышышкан. Анын жыйынтыгы менен Тюмень облусу менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, бизнес чөйрөдөгү алаканы шарттаган бир нече документтерге кол коюлган.

«Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматы

Категории Главные новости

Related posts